Биз жөнүндө
Кулунду айыл аймагы борбор калаабыз Бишкек шаарынан 1150км алыстыкта, деңиз деңгээлинен 522м бийиктикте жайгашкан . Райондун борборунан 50 км, облустун борборунан 185 км , аба жол бекетинен 50 км алыстыкта турат. Айыл аймак Тажик Республикасынын Согди облусунун Пролетарск, Дж.Расулов райондору менен чектешет.
Академик Б.М.Юнусалиевдин айтымында, Кулунда деген топоним кыргыздар тарабынан Кулунда дарыясы бар Алтайдан көчүрүлүп келген.
Айылдын түндүк четинде мамлекеттик чек арадан өткөн «Кулунду-автодорожный» өткөрмө пункту жайгашкан. Кыргыз-тажик чек арасы. Ал көп тараптуу жана күнү-түнү иштейт.
Совет мезгилинде бул жерде колхоз жайгашкан. Кулунду айылы ээн, суусуз тың жерлерде жайгашканы менен колхозчулар мөмө- жемиш, жүзүм өстүрүүнү үйрөнүшкөн.
Кулунду өрөөнүндө маданият үйлөрү, телеграф, медпункт, төрөт үйү, мектеп, балдар бакчасы курулган.