02 июнь 2025

Кароолор: (74)

КУЛАКТАНДЫРУУ

Конкурс!

🌿 УРМАТТУУ КУЛУНДУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АКТИВДҮҮ ТУРГУНДАРЫ!

📌 Кулунду айыл өкмөтү сиздерди ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕЛЕРДИ КАРЖЫЛОО конкурсуна катышууга чакырат! 

Сиздерден – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган демилге,

бизден – каржылоо!

Конкурс Швейцария Өкмөтүнүн колдоосунда ишке ашырылган "Жергиликтүү өз алдынча башкарууну колдоо үчүн" өнөктөштүгүнүн алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун техникалык колдоосунда өткөрүлүүдө.

Конкурска төмөнкү багыттардагы жергиликтүү демилгелер менен катыша аласыздар: 

  • Парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
  • Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
  • Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
  • Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;

 

Документтер 2025-жылдын 22-июну саат 17:00гө чейин  айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат. 

Байланыш үчүн адис – Жусупова Марзия Аширбайевна, тел: 0773 63 97 68

Кулактандыруунун  толук версиясы сайта: https://www.kulundu.gov.kg